2025-11-24
2025-жылдын 19-ноябрында гуманитардык факультеттин тарых бөлүмүндө 2-курстун студенттери тарабынан традициялуу “Кош келдиң 1-курс!” аттуу салттуу иш-чара өткөрүлдү. Иш-чарада гуманитардык факультеттин деканы профессор др. Алпаслан Ашык жана тарых бөлүмүнүн башчысы профессор др. Жээнбек Алымбаев студенттерди куттукташты. Бөлүмдүн агай-эжейлери профессор др. Анварбек Мокеев, профессор др. Незахат Жейлан жана профессор др. Кубатбек Табалдиев сөз сүйлөшүп, студенттерге тарыхчы болуунун мааниси, каалоо-тилек жана акыл-насааттарын айтышты. Иш-чара алдын ала даярдалган интеллектуалдык оюндар, ыр-бийлер менен коштолду. Программанын аягында 1-курстагы студенттер өздөрүн тааныштырып, аларга белектер ыйгарылды. Ошондой эле 2-курстун студенттери 1-кустарга окутуучулардын жана өздөрүнүн сүрөттөрү чапталган альбомду эстафета катары тапшырышты.



