2026-04-19


III Жаш тарыхчылар конференциясы уюштурулду


2026-жылдын 16-апрелинде Кыргыз-Түрк Манас Университетинин тарых бөлүмүндө III Жаш тарыхчылар конференциясы ийгиликтүү өткөрүлдү.  Конференциянын ачылыш бөлүгүндө тарых бөлүмүнүн башчысы т.и.д., профессор Жээнбек Алымбаев “Коомдогу тарых илиминин ролу” аттуу баяндамасында тарых илиминин коомдогу орду, анын актуалдуулугун белгиледи. Доцент Роза Абдыкулова “Бүтүрүүчүлөрүбүз-биздин сыймыгыбыз” аталышындагы баяндамасында бөлүмдүн тарыхына токтолуп, бүтүрүүчулөр тууралуу маалымат берди. Андан соң АКШ, Түркия, Кыргызстан ж.б. өлкөлөрдө эмгектенип жатышкан сыймыктуу бүтүрүүчүлөр видео кайрылуу жасап сөз сүйлөштү.

Иш-чаранын жүрүшүндө төмөнкү студенттер баяндамалары менен катышышты: Умутжан Челик, Бектурсун Асанакунов, Нурсултан Эсболов, Мээрим Жайлообек кызы, Айганыш Тажидинова, Айзирек Закирова, Касиет Асаналиева, Бакыт Жумадилов, Бегимай Акматбекова, Аксаана Дүйшөбөк кызы, Назик Исаева, Айпери Исакова, Мавлюда Ырысбаева, Айданек Акылбекова, Айсезим Жунусалиева, Жибек Сүйналиева, Чолпон Джамгырчиева, Балайым Сайпилдаева жана Зяпат Алманбетова.

Конференция жаш изилдөөчүлөр үчүн өз илимий ойлорун бөлүшүүгө, тажрыйба маанилүү аянтча болду. Жыйынтыгында III Жаш тарыхчылар конференциясы тарыхый мурастарды терең изилдөөгө өбөлгө түзгөн маанилүү окуя катары бааланды. Иш-чаранын аягында катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.