2026-11-06


«Тарыхый эс тутум жана тарыхый аң-сезимдин калыптанышы» аттуу семинар өткөрүлдү


2026-жылдын 6-ноябрында Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин тарых бөлүмүндө «Тарыхый эс тутум жана тарыхый аң-сезимдин калыптанышы» аттуу семинар өткөрүлдү.

Иш-чарада профессор, доктор Муратбек Кожобеков тарыхый эс тутумдун мааниси, тарыхый аң-сезимдин калыптанышы жана алардын коомдун тарыхты кабыл алуусундагы орду тууралуу сөз кылды.

Семинардын жүрүшүндө тарыхый эс тутум менен тарыхый аң-сезимдин өз ара байланышы, тарыхый мурастын коомдук аң-сезимдеги орду сыяктуу маселелерге көңүл бурулду.

Иш-чаранын соңунда студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, лектордон кеңири жоопторду алышты. Семинар студенттердин тарыхый билимдерин тереңдетүүгө жана тарыхка болгон илимий көз карашын өнүктүрүүгө өбөлгө түздү.