2026-11-15


Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинде «Түркиянын археологиялык казуулары» фотокөргөзмөсү ачылды


2026-жылдын 12-ноябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинде Кыргыз-Түрк «Манас» университети менен музейдин кызматташтыгында даярдалган «Түркиянын археологиялык казуулары» аттуу фотокөргөзмөнүн ачылышы болуп өттү. Иш-чарага университеттин ректору, профессор Алпарслан Жейлан, музейдин директору Назгүл Өмүрзакова, гуманитардык факультеттин деканы, профессор Алпаслан Ашык, Тарых бөлүмүнүн башчысы, профессор Жээнбек Алымбаев, ошондой эле окутуучулар жана студенттер катышты.

Көргөзмөгө Түркияда 2025–2026-жылдары жүргүзүлгөн археологиялык казуулардын жүрүшүн жана алардын натыйжасында табылган тарыхый буюмдарды чагылдырган фотосүрөттөр коюлду. Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн ректор Алпарслан Жейлан көргөзмө буга чейин университетте өткөрүлгөн Түрк дүйнөсүндөгү археологиялык казуулар, изилдөөлөр жана археометрия боюнча симпозиумда тааныштырылганын белгилеп, анын музейге көчүрүлүшү кеңири коомчулукка жеткиликтүү болушуна шарт түзөрүн айтты.

Музейдин директору Назгүл Өмүрзакова көргөзмө археологиялык мурастарды коомчулукка таанытуу менен бирге эки элдин тарыхый-маданий байланыштарын чыңдоого өбөлгө түзөрүн белгиледи. Ал эми профессор Жээнбек Алымбаев Түрк элдеринин тарыхый издери Борбордук Азиядан Анадолуга чейинки кеңири аймакта кездешерин айтып, археологиялык табылгаларды биргелешип изилдөө тарыхый жана маданий байланыштарды тереңирээк түшүнүүгө жардам берерин баса белгиледи.