2026-11-19



2026-жылдын 18-ноябрында Тарых бөлүмүндө Канаданын Калгари университетинин илимий кызматкери профессор Стивен Поу (Stephen Pow) менен илимий жолугушуу болуп өттү. Жолугушуунун алкагында окумуштуу «Рашид ад-Диндин эмгектеринде жана башка жазма булактарда кыргыздар тууралуу маалыматтар» аттуу семинар өткөрдү.

Профессор Стивен Поу — Монгол империясынын тарыхы, Алтын Ордо жана монгол-европа байланыштары боюнча изилдөөлөрдү жүргүзгөн канадалык тарыхчы.

Семинардын жүрүшүндө окумуштуу монгол доорундагы көптөгөн тарыхый эмгектерде кыргыздар тууралуу маалыматтар камтылгандыгын белгиледи. Алгач орто кылымдардагы европалык саякатчылар Плано Карпини менен Вильгельм Рубруктун эмгектерине токтолуп, андан соң Рашид ад-Диндин чыгармаларында кездешкен кыргыздар тууралуу маалыматтарды талдап берди.

Тактап айтканда, Рашид ад-Диндин эмгектеринде кыргыздардын түрк жана токой элдеринин катарында эскерилиши, Чыңгыз хандын кыргыздарды каратып алышы, алардын жашаган аймактары, чарбасы жана жашоо образы, ошондой эле кыргыздардын монгол бийлигине каршы көтөрүлүштөрү тууралуу кызыктуу маалыматтарга токтолду.

Семинардын соңунда Тарых бөлүмүнүн башчысы, профессор Ж. Алымбаев профессор Стивен Поуга мазмундуу баяндамасы жана илимий пикир алмашуу үчүн ыраазычылык билдирип, университеттин эстелик белектерин тапшырды.