2021-06-03

Деканыбыздан гуманитардык факультеттин окутуучуларына куттуктоолор


Гуманитардык факультеттин деканынын м.а., профессор Ахмет Беше тарых бөлүмүнүн окутуучулары Муратбек Кожобеков жана Юнус Эмре Гүрбүздү профессор наамына жана философия бөлүмүнүн окутуучусу Барыш Мутлуну доцент наамына ээ болушу менен куттуктап, мындан кийинки иштерине ийгиликтерди каалап өттү.

Факультетибиздин деканы профессор Ахмет Беше тарых бөлүмүнүн башчылыгына дайындалган Жээнбек Алымбаевди жана батыш тилдери бөлүмүнөн декан жардамчысы болуп дайындалган Жылдыз Чыманованы куттуктап, каалоо-тилектерин айтып өттү.