2021-06-10

«Жылдын мыкты котормочусу – 2021» кароо-сынагынын жеӊүүчүлөрү


Факультетибиздин деканынын м.а. профессор Ахмет Беше жана синхрондук котормо бөлүмүнүн бөлүм башчысы профессор Жейхун Ведат Уйгур Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы менен Кыргыз-Түрк «Манас» университети уюштурган, Синхрондук котормо бөлүмүнүн студенттеринин арасында болуп өткөн «Жылдын мыкты котормочусу – 2021» кароо-сынагынын жеӊүүчүлөрүн куттукташты.

Кыргызчадан түркчөгө жана түркчөдөн кыргызчага которулган котормолордун  ичинен 1-орунга Алия Кенжекулова, Майрамгүл Гүлжигит кызы жана 2-орунга Махабат Акылбекова ээ болушту.