2021-06-25

Деканыбыз профессор Ахмет Беше факультеттин эӊ мыкты студенттерин куттуктады


Гуманитардык факультеттин деканынын м.а., профессор Ахмет Беше гуманитардык факультеттин эӊ мыкты аяктап жаткан студенттерин куттуктады. Факультетибиздин биринчиси болуп синхрондук котормо бөлүмүнүн орусча-түркчө программасынын студенти Инжи Махмудова; чыгыш тилдери бөлүмүнүн орус тили жана адабияты программасынын студенти Атагүл Шератова жана батыш тилдери бөлүмүнүн англис тили жана адабияты программасынын студенти Сахида Кулова факультет үчүнчүсү болуп аныкталды. Деканыбыз студенттерди куттуктап, ийгиликтеринин улана беришин каалады.