2023-11-10

2023-2024-жылдын күз-кыш мезгилинин Факультет кеңешинин жыйналышы


Факультетибиздин 2023-2024-жылдын күз-кыш мезгилинин окуу жыйыны 2023-жылдын 10-ноябрында өттү.

Жыйында факультеттин курамындагы факультеттин кеңешинин, факультеттин башкаруу кеңешинин жана факультеттеги башка комиссиялардын курамына киргизилген өзгөртүүлөр тууралуу маалымат берилди.

Мындан сырткары Университеттин Окумуштуулар Кеңешинде факультетибиздин атынан Философия бөлүмү ф. и. д., профессор Жылдыз Урманбетованын ыйгарым мөөнөтү аяктагандыктан, анын ордуна Филология бөлүмүнөн ф.и.д., профессор Бурул Сагынбаеваны дайындоо сунушталып, тандоо менен ф.и.д., профессор Бурул Сагынбаева Университеттин Окумуштуулар Кеңешинде факультетибиздин атынан өкүл болуп дайындалды.

Факультетибиздин атынан Университеттин Окумуштуулар Кеңешинде бул убакытка чейин ийгиликтүү иш алып барган ф. и. д., профессор Жылдыз Урманбетовага кошкон салымы үчүн терең ыраазычылык билдирилип, Университеттин Окумуштуулар Кеңешине факультетибиздин атынан өкүл болуп шайланган ф. и. д., профессор Бурул Сагынбаеванын иштерине ийгилик каалашты.

Жалпы каалоо-тилектерден кийин факультетибиздин кеңешинин жыйыны аяктады.