2023-11-17

ГУМАНИТАРДЫК ФАКУЛЬТЕТТИН ДЕКАНЫ ЖАНА ПЕДАГОГИКА БӨЛҮМҮНҮН МУГАЛИМДЕРИ СТУДЕНТТЕРДИН ӨНДҮРҮШТҮК-ПРАКТИКАДАН ӨТҮП ЖАТКАН ОРТО МЕКТЕПТЕРГЕ БАРЫШТЫ


2023-жылдын 15-ноябрында КТМУнун гуманитардык факультетинин деканы проф. др. Алпаслан Ашык, педагогика бөлүмүнүн башчысы п.и.д. проф. Акматалы Алимбеков жана ага окутуучу PhD Кадиан Бообекова педагогикалык-психологиялык кеңеш жана көмөк программасында билим алып жаткан студенттердин өндүрүштүк-практикадан өтүп жаткан орто мектеп жана лицейлерде жолугушуу өткөрүштү.

Кыргыз-Түрк Анадолу лицейинин мүдүрү Режеп Акалын жана кеңешчиси Серап Үлкер өндүрүштүк-практика жана аларда практикадан өтүп жаткан студенттер тууралуу маалымат беришти. Жалпысынан педагогикалык-психологиялык кеңеш жана көмөк программасынын студенттеринине ыраазы экендиктерин, бул кесип өлкөбүз үчүн абдан керектүү кесип болорун, студенттердин иштөөгө абдан дилгир жана алар менен иштешкенине кубанычта экендиктерин белгилешти. Мындан сырткары лицей менен университеттин ортосундагы мындай иш аракеттерге ыраазычылыгын билдиришти.

Түркия Республикасы Билим берүү министрлигинин, Бишкек шаардык башталгыч орто мектеби жана Имам-Хатип мектептерине болгон иш сапарларынын жүрүшүндө директордун орун басары Галип Явузарслан жана мектептин кеңешчиси Тахир Гөзел учурда практикадан өтүп жаткан студенттер тууралуу маалымат беришти. Мындан сырткары аты аталган мектепте буга чейин иштеп кеткен жана учурда иштеп жаткан мурунку бүтүрүүчүлөрүбүз тууралуу маалымат беришип, аларга ыраазы экендиктерин билдиришти. Ошондой эле практикадан өтүп жаткан студенттерге каалоо-тилектерин айтышты.

Кийинки иш сапар Кыргыз-Түрк Анадолу кыздардын кесиптик лицейинде улантылып, лицейдин мүдүрү Адил Гезер менен жолугуу өткөрүлдү. Мектеп директору педагогика бөлүмүнүн студенттерине ыраазы экенин билдирип, алар лицейге жылыга үзгүлтүксүз келип турушкандыгын, алардын башка бөлүмдөргө караганда аларга көбүрөөк канааттанаарын билдирди. Мындан сырткары лицейдин жетекчилиги тарабынан окуу жайдын жалпы инфраструктурасы тааныштырылды. Алар, Кыргыз-Түрк “Манас” университети менен ар дайым биргеликте иш алып барууга кызыктар экендиктерин билдиришти.