2024-03-06

Факультетибизде “Кыргыздын улуттук баалуулуктары: “Манас” жана Ак калпак” аттуу иш-чара өткөрүлдү


2024-жылдын 5-мартында университетибиздин Касым Тыныстанов атындагы жыйындар залында Гуманитардык факультет жана Көркөм өнөр факультети тарабынан 5-март – Ак калпак күнүнө арналган “Кыргыздын улуттук баалуулуктары: “Манас” жана Ак калпак” аттуу иш-чара болуп өттү. Бул иш-чарага университетибиздин биринчи проректору э. и. к., Бактыгүл Каламбекова, проректорлору Проф. Др., Мехмет Сезаи Түрк, Доц. Др., Камалбек Карымшаков, университетибиздин башкы катчысы Проф. Др., Октай Өзгүл, факультеттердин декандары, окутуучулары жана студенттери катышты. Иш-чарабыздын илимий бөлүгүндө Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинен ф.и.д., проф. Курманбек Абакиров ““Манас” эпосун изилдөөнүн жаңы талаптары” аттуу баяндамасын, ал эми факультетибиздин Түркология бөлүмүнүн окутуучусу ф.и.к., доц. Таалайбек Абдиев “Калпак – улуттук баш кийим” аттуу илимий баяндамасын сунушту. Аталган баяндамаларда «Манас» эпосун изилдөөнү бүгүнкү күндө жаңыча көз караштар менен улантуу керек экендиги жана кыргыз маданияты үчүн улуттук баалуу мотив катары Ак калпактын мааниси баса белгиленди. Баяндамалардан кийин Көркөм өнөр факультетинин студенттери “Манас” эпосунун негизинде чакан театралдык көрсөтүү уюштурушту.