2024-05-23

Жаштар тарыхы менен таанышат


Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин 2023-2024-окуу жылындагы “Коомдук долбоорлорунун” алкагында өткөрүлгөн “Жаштар тарыхы менен таанышат” аттуу иш-чарада студенттерибиз тарых бөлүмүнүн окутуучусу доц.м.а. Роза Абдыкулованын жетекчилигинде 2024-жылдын 17-майында Ысык-Көл областына караштуу Чолпон-Ата шаарындагы Көчмөндөр цивилизациясы жана Ысык-Көл мамлекеттик тарыхый-маданий музейи, Ачык асман музейи менен “Рух Ордо” маданий борборуна тарыхый экскурсия кылып келишти. Экскурсияга жалпы 100 студент катышты.