2024-жылдын 09-сентябрь күнү Гуманитардык факультеттин деканы проф. др., Алпаслан Ашык, факультетибиздин кафедра башчылары менен жолугушуу өткөрдү. Жыйында: 2024-2025 окуу жылынын жаз мезгилиндеги окуу программалары; даярдоо курсунда билим алып жаткан студенттерибиздин кесипке багыт алуусун пландаштыруу; бөлүмдөрдүн WEB сайттарынын жаңыланып туруусу; апталык лекциялардын силлабустарынын жаңыртылышы сыяктуу темалар көтөрүлдү. Жыйындын соңунда бөлүм башчыларынын суроо-талаптары жана ой-пикирлери менен бөлүштү.