Кызматташтыктын башталышы
Кыргыз-Түрк “Манас” университети менен М.Акмулла атындагы Башкырт мамлекеттик педагогикалык университетинин ортосунда кол коюлган кызматташуу келишимин активдүү ишке ашыруу башталды.
Заманбап лингвистикалык изилдөөлөр тармагындагы эл аралык тажрыйбаны үйрөнүү максатында орус тили, теориялык жана прикладдык лингвистика кафедрасынын ага окутуучусу Мария Долгополова жана «Тил илими жана адабият таануу» багыты боюнча 2-курстун аспиранты Артур Абдулманов «Манас» университетине келишти.
2024-жылдын 10-октябрында меймандардын Гуманитардык факультетинин деканы проф. док. Алпаслан Ашык менен жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууда эки университеттин ортосундагы илимий-изилдөө жана билим берүү тармагындагы мындан аркы кызматташуунун негизги багыттары талкууланды.
Бул кызматташтык тил илими жаатында тажрыйба алмашууну гана эмес, стажировкадан өтүү жана академиялык алмашуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү да камтыйт.