2024-жылдын 12-декабрында университетибиздин ректору профессор Алпаслан Жейландын катышуусунда факультетибиздин академиялык кеңешинин жыйыны өттү. Факултетибиздин деканы профессор Алпаслан Ашыктын баяндамасынан кийин, университетибиздин ректору профессор Алпаслан Жейлан факультетибиздин академиялык изилдөөлөрү жана максаттары тууралуу жалпы баа берди. Университетибиздин проректорлору профессор Режаи Доган жана профессор Камалбек Карымшаков да факультеттин учурдагы абалына баа беришип, аткарыла турган иштер туурасында пикирлерин билдиришти. Факультетибиздин учурдагы абалы жана максаттары боюнча пикир алмашуудан кийин жыйналыш аяктады.