Факультетибизде 2025-жылдын 13-27-январь күндөр аралыгында бардык бөлүмдөрүбүз менен жыйналыштар уюштурулду. Ар бир бөлүм менен өз-өзүнчө өткөрүлгөн жолугушууларда 2024-2025-окуу жылынын жазгы семестрине даярдыктар, бөлүмдөрдүн ар түрдүү көйгөйлөрү жана учурдагы маселелери боюнча ой-пикирлер айтылып, сунуштар алынды. Маектешүү форматында өткөн жолугушууларда профессордук-окутуучулук курамдын ой-пикирлери, талаптары, көз-караштары жана каалоолору угулуп, аларга жалпы маселелер боюнча маалымат берилди. Факультетибиздин стратегиялары анализденип, жаңы максаттар аныкталган бөлүмдөр менен өткөрүлгөн жыйналыштарыбыз жемиштүү өттү.