2021-08-03

Тарых бөлүмүнүн студенти «КМШнын эң мыкты студенти» наамын алды


Университетибиздин Гуманитардык факультетинин Тарых бөлүмүнүн 2-курсунун студенти Акылай Жайчыбекова “КМШнын мыкты студенти – 2021” наамына татыктуу болду. Жаш окумуштуулардын эл аралык ассоцияциясы (Казахстан, Нур-Султан) тарабындан уюштурулган конкурска КМШнын жогорку окуу жайларынын студенттери катышты. Илим, искусство, спорт жана башка багыттар боюнча ийгиликтүү жана жигердүү студенттерге “КМШнын мыкты студенти” наамы ыйгарылып, I II III даражадагы диплом жана медаль берилди. Бул сыйлыктарга ээ болгон студенттер “Таланттуу жаштардын эл аралык энциклопедиясы. КМШнын мыкты студенти – 2021” жыйнагына киргизилди. Илим жана искусстводогу ийгиликтери жана коомдук иштерге жигердүү катышкандыгы үчүн Жайчыбекова Акылай I даражадагы диплом жана медаль менен сыйланды.

Аталган жыйнактын презентациясы жана куттуктоо аземи 2021-жылдын июнь айында Нур-Султан (Казахстан) шаарында өтмөк. Бирок коронавирус пандемиясына байланыштуу уюштуруучулар сыйлыктарды номинанттарга жөнөткөн. Конкурста сыйлык алган Кыргызстан студенттерин куттуктоо аземи 29-июльда И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде өттү.