Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев адабият таануучулар менен бирге гуманитардык факультетин деканы, профессор доктор Алпарслан Ашыкка кызматташуу үчүн жолугууга келишти. Бул жолугушууда университетибиздин биринчи проректору, жазуучу, котормочу жана адабий сынчы, маркум профессор Салижан Жигитовдун каза болгонунун 20 жылдыгын жана туулганынын 90 жылдыгын белгилөө үчүн иш-чара өткөрүү пландалып жатканы айтылды. Буга байланыштуу, 2026-жылдын март айында ТҮРКСОЙ, Кыргыз-Түрк Манас университети жана Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзу менен бирге “Салижан Жигитов: түрк дүйнөсүндөгү адабий сын” аттуу эл аралык симпозиумду уюштуруу боюнча бир пикирге келишти.
Мындан сырткары аталган жолугушууга түркология бөлүмүнүн башчысы доц. др., Халит Ашлар, синхрондук котормо бөлүмүнүн окутуучусу Мухиттин Гүмүш, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Мамлекеттик университетинин окутуучусу, проф. др., Курманбек Абакиров, И. Арабаев ат. университетинин окутуучусу, проф. др., Аида Эгембердиева да катышып, түркология бөлүмү тарабынан “Салижан Жигитов: аңгеме жана поэзия жарышы” аттуу иш-чаранын да өткөрүү чечимин кабыл алышты.

