Кыргыз-Түрк «Манас» университети менен Анкара Хажы Байрам Вели университетинин ортосунда түзүлгөн эки тараптуу келишимдин алкагында студенттерди алмашуу программалары ийгиликтүү уланууда.
2025–2026-окуу жылынын жазгы семестринде Анкара Хажы Байрам Вели университетинин Гуманитардык факультетинин Славян тилдери жана адабияты кафедрасынын 3-курсунун студенти Керем Атаберк Аксой жана 2-курсунун студенти Мелике Эроглу факультетибиздин Синхрондук котормо бөлүмүнүн орусча-түркчө программасында билим алуу үчүн университетибизге келишти.
2026-жылдын 27-январында студенттер Гуманитардык факультетинин деканы, профессор, доктор Алпаслан Ашык менен жолугушуп, университеттеги билим алуу мүмкүнчүлүктөрүнө жана жылуу тосуп алгандыгы үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.
Өз кезегинде декан, профессор, доктор Алпаслан Ашык студенттерге окууларында ийгилик каалап, алмашуу программалары эки университеттин ортосундагы академиялык жана маданий кызматташтык мындан ары да чыңдай берет деген ишенимин билдирди.