2026-жылдын 10-11-февралында Өзбекстандагы Наманган Mамлекеттик Университетинин академиялык делегациясы Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин гуманитардык факультетинин деканатында болду. Сапарга Наманган мамлекеттик университетинин гуманитардык факультетинин деканы, дене тарбия факультетинин деканы жана биотехнология факультетинин деканы катышты. Сапар учурунда өткөрүлгөн жолугушууларда 2026-жылдын жайында ишке ашырыла турган биргелешкен долбоорлорго даярдык көрүү процесси талкууланды. Мындан тышкары, эки университеттин ортосунда билим берүү жана изилдөө тармактарында туруктуу академиялык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча баалоо жүргүзүлдү. Жолугушуулардын жыйынтыгында магистранттардын жана докторанттардын диссертациялык иштерин биргелешкен жетекчиликтин алкагында жүргүзүү боюнча өз ара макулдашууга жетишилди. Сапар белектер менен алмашуу жана эстелик сүрөткө түшүү менен аяктады.
