2025-жылдын 13-февралында Гуманитардык факультетин деканаты Социология бөлүмүнүн студенттери менен жолугушуу өткөрдү. Жылуу маанайда өткөн жолугушууда студенттер алмашуу программаларына катышуу каалоолорун билдиришти. Факультеттин деканы, профессор, доктор Алпаслан Ашык алмашуу программалары боюнча кеңири маалымат берип, бул процесстеги иш-аракеттердин жол картасы менен бөлүштү. Студенттер окуу процессине байланыштуу өздөрүн кызыктырган суроолорун түздөн-түз жетекчиликке берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Иш-чара декандын студенттерге ийгилик каалоосу менен аяктады.

