2026-03-11

Гуманитардык факультеттин кызматкерлери үчүн санариптик ресурстар боюнча семинар өткөрүлдү


2026-жылдын 5-мартында КТМУнун китепкана жана документтештирүү бөлүмүнүн башчысы Максатбек Инакбеков тарабынан гуманитардык факультеттин кызматкерлери үчүн "Китепкананын электрондук ресурстарын жана AKSIS системасын колдонуу" семинары өткөрүлдү. Семинарда катышуучуларга китепкананын электрондук маалымат базалары, академиялык макалаларга жетүү ыкмалары, эл аралык маалымат платформаларына жетүү жана санариптик ресурстарды натыйжалуу пайдалануу боюнча кеңири маалымат берилди. AXSIS системасынын иштеши боюнча да маалымпт берилди. Суроо-жооп жүрүшүндө катышуучулар өздөрүн кызыктырган темалар боюнча суроолорду берип, толук маалымат алууга мүмкүнчүлүк алышты.