2026-09-18

"Кыргыз Республикасынын Эл мугалими"


Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин Гуманитардык факультеттин Билим берүү илимдери кафедрасынын окутуучусу, профессор, доктор Акматали Алимбековго билим берүү тармагындагы жогорку кесиптик жетишкендиктери жана Кыргызстандын социалдык, экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн "Кыргыз Республикасынын Эл мугалими" ардактуу наамы ыйгарылды. Наам 2026-жылдын 14-сентябрында "Ынтымак Ордо" президенттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда өткөн аземде ыйгарылды.