Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин (КТМУ) ректору, профессор Алпаслан Жейлан 2026-жылдын 22-сентябрында Гуманитардык факультетине барып, профессордук-окутуучулук курамы менен жолугушту. Жылуу жана достук маанайда өткөн жолугушууда факультеттин учурдагы абалы жана аткарылып жаткан иштер талкууланды.
Иш сапардын алкагында ректор, профессор Алпаслан Жейлан окутуучулар менен баарлашып, алардын эмгек шарттары менен жакындан таанышты жана сунуш-талаптарын түздөн-түз укту. Өз кезегинде окутуучулар да кафедралардагы жалпы абал, билим берүү процесси жана илимий долбоорлор тууралуу маалымат берип, университет жетекчилигине өздөрүн кызыктырган суроолорун берүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Ректор А. Жейлан берилген суроолорго ачык-айкын жооп берип, университет жетекчилиги ар дайым окутуучуларды колдоого даяр экенин баса белгиледи.
Жолугушууга катышкан КТМУнун башкы катчысы, доцент Фатих Рамазан Истанбуллугил Гуманитардык факультеттин жалпы ишмердүүлүгүнө жана эмгек жамаатынын темпине жогору баа берип, ыраазычылыгын билдирди.
Иш сапар пикир алмашуу жана жемиштүү баарлашуудан соң, эстеликке топтук сүрөткө түшүү менен аяктады.

