Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин гуманитардык факультеттин администрациясы жаңы кадрлар менен бекемделүүдө. Түркология бөлүмүнүн окутуучусу, доцент м.а. Мирзат Ракымбек уулу гуманитардык факультеттин деканынын экинчи орун басары болуп дайындалды.
Факультет жамааты Мирзат Ракымбек уулун куттуктап, жаңы кызматында албан-албан ийгиликтерди каалайт. Бул кадам факультетибиздин жана университетибиздин өнүгүүсүнө олуттуу салымын кошот деп ишенебиз.