2026-10-14

Гуманитардык факультет эл аралык деңгээлде академиялык курамын чыңдоону улантууда


Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин гуманитардык факультет өзүнүн профессордук-окутуучулук курамын Түркиядан жана дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген тажрыйбалуу адистер менен байытууну улантууда. Ушул алкакта факультеттин Түркология, Тарых жана Социология бөлүмдөрүндө жаңы окутуучулар ишке киришти.

Университетибизге Түркиядан келген профессор, доктор Хүлия Касапоглу Ченгел түркология бөлүмүндө, ал эми профессор, доктор Хаяти Бешерли социология бөлүмүндө сабак бере баштады. Эл аралык академиялык кызматташтыктын алкагында Ирандан келген доктор Лейла Жалали тарых бөлүмүндө, ал эми Азербайжандан келген доктор Конул Маммадова түркология бөлүмүндө конок лектор болуп иштей баштады. Гуманитардык факультеттин деканаты жаңы келген кесиптештерге барып, куттуктап, жаңы окуу жылында иштерине ийгилик каалады.