Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин (КТМУ) гуманитардык факультети тарабынан уюштурулган «Түрк дүйнөсүндөгү археологиялык казуулар, изилдөөлөр жана археометрия симпозиуму» 2026-жылдын 15-16-октябрында эл аралык кеңири катышуу менен болуп өттү. Жалпысынан 9 өлкөдөн (Түркия, Кыргызстан, Азербайжан, Өзбекстан, Казакстан, Грузия, Австрия, Иран, Германия) келген окумуштуулардын башын бириктирген симпозиумда түрк дүйнөсүнүн бай археологиялык мурасы, учурдагы археологиялык изилдөөлөрү, археометриялык анализ ыкмалары жана маданий баалуулуктарды сактоо сыяктуу стратегиялык маселелер ар тараптуу каралды.
Бул маанилүү эл аралык иш-чара КТМУ, Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министерлиги, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министерлиги дагы Түркиянын Археология жана маданий мурас институтунун өнөктөштүгүндө ишке ашырылды.
Симпозиум КТМУнун ректору, профессор доктор Алпаслан Жейландын төрагалыгы астында өткөн атайын пленардык отуруму менен башталды. Отурумда Түркия, Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан жана Өзбекстандан келген алдыңкы окумуштуулар түрк географиясындагы орток мурастар боюнча акыркы ачылыштары менен бөлүшүп, баяндама жасашты. Эки күнгө созулган 16 илимий сессияда жалпысынан 83 баяндама сунушталды.
Эки күндүк жемиштүү академиялык пикир алышуудан кийин симпозиум Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министринин орун басары Надир Алпасландын катышуусундагы жабылыш отуруму менен жыйынтыкталды. Отурумда сөз сүйлөгөн министрдин орун басары Надир Алпаслан жыйында айтылган пикирлер жана сунуштар министерлик тарабынан кылдат бааланып, аймактагы илимий кызматташтыкты өнүктүрүү аракеттери чечкиндүү түрдө улантыла турганын билдирди.
КТМУнун ректору, профессор доктор Алпаслан Жейлан симпозиумдун түрк дүйнөсүнүн ар кайсы аймактарында иштеген археологторду орток академиялык платформада бириктирүүдөгү ролу тажрыйба алмашуу жана жаңы биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгуу жагынан чоң мааниге ээ экенин баса белгиледи жана экинчи симпозиумду мындан да кеңири катышуу менен уюштуруу максат кылынганын кошумчалады.
Маданий мурасты сактоо орток жоопкерчилик экенине көңүл бурган КТМУ Гуманитардык факультеттин деканы, профессор Алпаслан Ашык түрк дүйнөсүндөгү археологиялык изилдөөлөрдү орток маалымат базалары, туруктуу академиялык байланыштар жана дисциплиналар аралык долбоорлор менен колдоо маанилүү экенин билдирди.
Түрк дүйнөсүнүн археологиялык казуу, изилдөө жана археометрия симпозиуму сунушталган баяндамалар менен гана чектелбестен, түрк дүйнөсүндөгү орток археология саясатынын жана илимий кызматташтык тармактарынын пайдубалын бекемдеди. Ар кайсы өлкөлөрдөн келген мекемелердин жана изилдөөчүлөрдүн орток көз карашта жолугушуусу заманбап илимий ыкмалар аркылуу орток тарыхты жана маданий байлыктарды ачыкка чыгарууга карай тарыхый кадам болду. Кабыл алынган чечимдерге ылайык түзүлүүсү пландаштырылган орток маалымат базалары жана туруктуу долбоорлор түрк дүйнөсүндөгү академиялык интеграцияга жана орток мурасты келечек муундарга сактап калууга узак мөөнөттүү салым кошот.







