2022-02-11

Гуманитардык факультеттин бөлүм башчылары менен чогулуш


2022-жылдын 10-февралында гуманитардык факультеттин деканы, профессор Ахмет Беше факультет бөлүм башчылары менен чогулуш өткөрдү. Чогулушта окуу программасын жаӊылап, карап чыгуу иштери, академиялык ишмердүүлүктү баалоо жана шыктандыруу системасынын жыйынтыктары, жаз семестриндеги окуу процессинин жүрүшү, бүтүрүүчүлөр жана 2021-2022-окуу жылына байланыштуу пландар менен маселелер талкууга алынды. Чогулуштун соӊунда бөлүм башчылар өзүлөрүнүн ой-пикирлери менен бөлүштү.