2022-02-22

Факультеттер аралык кызматташуу


2022-жылдын 21-февралында факультетибиздин деканы, профессор Ахмет Беше Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин гуманитардык факультетинин деканы, ф. и. д., профессор Бекбалаев Амангельды Абдыжапарович менен жолугуп келди. Жолугушууда эки факультет  биргеликте ишке ашыра турган илимий жана маданий иш-чаралар жөнүндө талкууланды.