2022-03-02

Факультеттер аралык кызматташуу уланууда


2022-жылдын 28-февралында факультетибиздин деканы, профессор Ахмет Беше И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых жана социалдык-укуктук билимдер факультетинин деканы, тарых илимдеринин доктору, профессор Курбанова Назира Умаровна менен жолугуп келди. Аталган жолугушуу учурунда эки университеттин факультеттеринин ортосунда билим берүү жаатында кызматташуу келишимин түзүү, тажрыйба алмашуу жана факультеттер аралык өткөрүлө турган иш-чараларды жүзөгө ашыруу сыяктуу маселелер талкууланып, жакын арада эл аралык симпозиумду уюштуруу чечими кабыл алынды.