2021-09-21

“Азыркы кыргыз тилиндеги терминология маселелери” аттуу тегерек стол


2021-жылдын 23-сентябрында Кыргыз-Түрк Манас университетинин гуманитардык факультети, түркология бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө карата “Азыркы кыргыз тилиндеги терминология маселелери” аттуу тегерек стол өткөрүлмөкчү. Талкууда терминологиянын теориялык маселелери, кыргыз тилиндеги терминологиянын калыптануусу жана ар кандай маселелери тууралуу сөз болот.