2021-09-23

«Турусбек Мадылбай жана адабий чыгармаларды кыргыз тилине которуу» панели


Гуманитардык факультеттин синхрондук котормо бɵлүмүнүн кыргызча-англисче программасы 2021-жылы 30-сентябрында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30-жылдык мааракесине жана эл аралык Котормочулар күнүнɵ арналган «Турусбек Мадылбай жана адабий чыгармаларды кыргыз тилине которуу» аттуу панель уюштурууда. Иш-чарабыздын алкагында чакан китеп кɵргɵзмɵсү уюштурулат жана практик-котормочулар менен маек курууга мүмкүнчүлүк түзүлɵт.