2021-06-01

Гуманитардык факультеттин бөлүм башчылары менен чогулуш


 

2021-жылдын 26-майында гуманитардык факультеттин деканынын м.а., профессор Ахмет Беше факультет бөлүм башчылары менен чогулуш өткөрдү. Чогулушта окуу процессинин жүрүшү, бүтүрүүчүлөр, алдыда боло турган мамлекеттик сынактардын олуттуу түрдө өткөрүлүшү жана 2021-2022-окуу жылына байланыштуу пландар менен маселелер талкууга алынды. Факультетибиздин деканы профессор Ахмет Беше ар бир бөлүмдө кеминде бир эл аралык жана бир улуттук симпозиум уюштурулушу; ар бир окутуучунун кеминде бир индекстүү макала же эки тармактык индекстүү макала жарыялоосу жөнүндө айтып өттү.