2019-12-10


Кош келдиң, 1-курс!


Кош келдиң, 1-курс!


2019-жылдын 16-октябрында ЭБФ-209-А залында бөлүмүбүздүн 4-курсу 1-курска “Кош келиңиздер!” деп бөлүмгө тосуп алышты. Бул иш-чара чакан болгону менен өтө салтанаттуу жана шайыр өттү. 1-курстун студенттери  бөлүм башчы, окутуучулар жана кызматкерлер менен тааныштырылган соң, бөлүмгө жаңы келген доц., док. Йенер Өзен кесиптик ориентация жөнүндө баяндама жасады.

  

Бөлүм октуучулары куттуктоо жана калоо-тилектерин айтышты.

     

4-курстун студенттери университтеттик жашоо-турмуш тажрыйбалары менен бөлүшүп кеңештерин айтышты.

Оюн, тамашага да орун берилди. Иш-чара 1-курстун студенттерине окууларына ийгилик каалоо баракчаларын тапшыруу аземи менен аякталды.