2021-12-27


«Бөбөктөр ата-энелерден эмнени каалашат?» темасында конференция болуп өттү


Педагогика бөлүмүнүн окутуучусу Доц. докт. Эркан Эфилтинин Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин академиялык жана административдик жамааты үчүн  "Эффективдүү ата-эне болуу искусствосу-1" - Ымыркайлар ата-энелерден эмнени каалайт? темасында конференциясы болуп өттү. Конференция Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин ректору Проф.Докт. Алпаслан Жейлан жана гуманитардык факультеттин деканы Проф., Докт. Ахмет Беше агайларыбыздын ачылыш сөздөрү менен башталды.

Конференцияда ымыркайлардын физикалык, акыл-эстик, инсандык жана тилдик өнүгүү өзгөчөлүктөрүнө токтолуп, ата-энелер жасашы жана качынышы керек болгон кээ бир жүрүм-турум жана жол-жоболор кеңири түшүндүрүлдү.