2022-03-22


Ыйыктык менен кесипкөйлүктү айкалыштырган кесип - мугалимдик кесиби


Ыйыктык менен кесипкөйлүктү айкалыштырган кесип - мугалимдик кесиби. Дал ушундай темада бөлүмүбүздүн окутуучусу Проф. Докт. Күршад Йылмаз агайыбыз 16.03.2022 күнү студенттерге, окутуучуларга семинар берди. 
Семинарында агай мугалимдик кесипти ыйык кылган нерселер эмнелер экендигин, бул ыйык кесипти аркалоонун кээ бир түйшүктөрү, жоопкерчиликтери тууралуу сөз кылып, азыркы күндө мугалимдик кесипти ыйыктык менен эле жалпылабастан, профессионалдуулукка, кесипкөйлүккө басым жасап, ага жетүү үчүн умтулушубуз керек экендигин, бул аракет бүткүл коомчулуктун келечеги үчүн өтө маанилүү экендигин баса белгиледи. 
Иш-чаранын соңунда, келечектеги мугалимдик кесиптин ээлерине өзүнүн кеп-кеңештерин берип семинарын жыйынтыктады.