2022-06-02


Педагогика бөлүмүнүн жалпы чогулушу


2022-жылдын 30-май күнү, саат 13:30 да İLEF-518 дарсканасында Педагогика бөлүмүнүн окутуучулар курамы менен бөлүм студенттеринин жыйналышы ѳткѳрүлдү

Чогулуш, студенттердин негизги көйгөйлөрүн, академиялык ийгиликтерине терс таасирин тийгизген факторлорду аныктоо, бөлүмдүн иш алып баруусун баалоо жана кемчиликтерин тактоо, студенттердин бөлүмдөн күтүүлөрүн аныктоо, билим берүү сапатын дагы жакшыртуу мүмкүнчүлүктөрү туурасында көз-караш, ой-пикирлерин алуу максатында уюштурулду.

Чогулуштун алкагында студенттер төмөнкүдөй көйгөй жана сунуштары менен бөлүшүштү:

Иш-чаранын соңунда, бөлүм окутуучулары, студенттердин суроолоруна жооп беришип, белгиленген сунуш жана көйгөйлөрдүн алкагында иштер алынып барыла тургандыгын билдиришти. Келечек ээлери болгон студенттерге кеп-кеңештери менен бөлүшүшүп, кандай кырдаал жана маселе болбосун, окутуучулар курамы ар дайым көмөк көрсөтүүгө, колдоого ачык экендигин баса белгилешти. Иш-чара студенттер менен биргеликте сүрөткө түшүү аземи менен, жылуу маанайда жыйынтыкталды.