2023-04-28


«Университеттер арасында жаш психологдордун достук таймашы» болуп ѳттү


2023- жылы 20-апрель күнү Кыргыз-Түрк «Манас» университети, Гуманитардык факультет, Педагогика кафедрасында «Психологиялык-педагогикалык кеӊеш-кѳмѳк» бѳлүмү менен И.Арабаев  атындагы Кыргыз Мамлекеттик университетинин Педагогика факультетинин «Психология» бѳлүмүнүн 3-курсунун студенттери арасында «Университеттер арасында жаш психологдордун достук таймашы»  болуп ѳттү. Анда  КТМУнун «Компас» жана И. Арабаев ат. КМУнун «Холерик» командалары арасында билим, билгичтик жана кѳндүмдѳр боюнча суроолор суралды. Ар бир команда мүчѳлѳрү он студенттен турду.

Адегенде командалар ѳз группасынын атын, эмнеге андай аталганын, максатын, миссиясын аныктап, «Саламдашуу» баскычы болду. Андан соӊ командалар бири-бирине психология тармагына тиешелүү термин жана түшүнүктѳр боюнча ондон суроо суралды. Кийинки баскыч катары команда башчыларынын бири –бирине суроосу, сүрѳттѳр боюнча аныктама жасоолору талап кылынды. Катары менен эки команда арасында ылдам ойлонуу боюнча оюн жарышы, ошондой эле жюри мүчѳлѳрү тарабынан сунушталган оюнга сѳз табуу маселеси каралды. Андан кийин кѳрүлгѳн кинолордогу психологиялык абалдар тууралуу болуп,  акыркы суроо жюри мүчѳлѳрү тарабынан берилген суроолорго ким канчалык туура жооп бере алары аныкталды. Ар бир баскыч үчүн убакыт белгиленип, кайсы команда канчалык тез жана сапаттуу иштегени да каралды. КТМУнун студенттери атаандаштарынан айырмаланып, ѳтѳ ылдам жана маселени тереӊ ойлонуп чече алаары жана түшүндүрүп бере алаары аныкталды. Жюри жыйынтыгын билдирген соӊ, ар бир катышуучуга  «ырыыызылык кат» жаан уюштурган мугалимдерге Сертифика берилди. Акырында чогуу сүрѳткѳ түшүп, достук маанайда таанышып, кызматташтык үчүн макулдашып, тарады.КМУдан 2 мугалим, 1 магистрант жана таймашка катышкандарды колдоо үчүн келген кѳптѳгѳн студенттер катышса, КТМУдан бир мугалим, 3 магистрант жана ППКК бѳлүмүнүн студенттери  жарышты колдоп, коштоп турушту. Таймаш ѳтѳ кызыктуу жана жайдары маанайда ѳттү.