2023-10-13
2023-жылдын 11-октябрь күнү, саат 14;30 да «Өзүңө бир жакшылык кыл» китебинин автору, интернетте социалдык медиа баракчасында, YouTube каналында да миңдеген адамдын үй-бүлөлүк көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган чечим сунуштары менен коомчулукта аты чыккан Зекерия Эфилоглу, бүгүнкү күндөгү ийгиликтүү жазуучулардын бири катары, педагогика бөлүмүнүн студенттерине үй-бүлө түзүлүшүнүн маанилүүлүгү боюнча семинар өткөрдү.Семинарда үй-бүлөнүн негизин түзгөн баалуулуктарды балдарга кантип берүү керектиги, ата-энелер балдарына карата жана балдар ата-энелерине карата жүрүм-турумунда эмнелерди сакташы керектиги жана балдарга болгон мамиле тууралуу маалымат берди.