2023-10-13


Баткен Мамлекеттик университетинде семинар уюштурулду


2023-жылдын 6-октябрь күнү кафедрабыздын окутуучулары Проф., докт. Акматали Алимбеков жана Доц., докт. Явуз Эржан Гүл Баткен шаарында жайгашкан Баткен Мамлекеттик университетинде окутуучулар, аспиранттар жана студенттер үчүн панель уюштурушту. Көптөгөн окутуучулардын жана студенттердин катышуусунда өткөн панелде докторлук диссертация жазууда эске алынышы керек болгон жагдайлар жана илимий изилдөө методологиясы боюнча баяндамалар жасалды.