2023-11-28


Педагогикалык-психологиялык кеңеш жана көмөк программасынын студенттеринин мектептердеги практикасы


2023-жылдын 15-ноябрында КТМУнун гуманитардык факультетинин деканы проф., докт.. Алпаслан Ашык, педагогика бөлүмүнүн башчысы проф., докт. Акматали Алимбеков жана бөлүмдүн ага окутуучусу PhD Кадиян Бообекова Педагогикалык-психологиялык кеңеш жана көмөк программасынын студенттери практикадан өтүп жаткан мектептерге зыярат кылышты.
Алгач, Кыргыз-Түрк Анадолу лицейинин өзгөчө таланттуу балдар мектебине барып, ал жакта мектеп директору Режеп Акалын жана педагог-психолог Серап Үлкер практика жана студенттер тууралуу маалымат беришти. Алар биздин кафедранын студенттерине жалпысынан канааттангандыктарын жана бул кесип өлкөбүз үчүн абдан керектүү кесип болорун, студенттер абдан дилгирлик менен иштешкенин, окуу жай менен университеттин мындай кызматташуусуна ыраазы экендиктерин айтышты.
Бишкек шаарындагы башталгыч мектеп, орто мектеп жана Имам-Хатип мектебинде директордун орун басары Галип Явузарслан жана мектептин педагог-психологу Тахир Гөзел учурда практика жасап жаткан жана буга чейин практикадан өтүп, азыр аталган мектепте иштеп жаткан бүтүрүүчүлөрүбүз тууралуу маалымат беришти.  Бөлүмдүн студенттеринен канааттанууларын билдиришип, жана ошондой эле, студенттерге болгон кээ бир талаптары менен бөлүшүштү.
Андан соң, Кыргыз-Түрк Анадолу Кыздар кесиптик лицейине зыярат жасалып, лицейдин директору Адил Гезер менен жолугушуу өткөрлүлдү. Мектеп директору ППКК студенттеринен канааттангандыгын, үзгүлтүксүз келип турушкандыгын жана башка бөлүмдөргө салыштырмалуу ППКК студенттерине ыраазы экенин айтып, мектеп шартын, сабактарын көрсөттү. Алар КТМУ менен ырахаттануу менен иштешип, дайыма байланышта болууну каалашарын билдиришти.