2025-01-20
Кыргыз Түрк «Манас» университетинин педагогика кафедрасынын профессору, педагогика илимдеринин доктору Акматали Алимбеков түрк дүйнөсүнүн орток педагогикалык баалуулуктары боюнча изилдөөлөрү үчүн Өзбекстан республикасынын борбору Ташкент шаарындагы «Турон» илимдер академиясынын академиги болуп шайланды.
«Турон» түрк дүйнөсүнүн орток тарыхын, маданиятын изилдеген окумуштуулардын башын бириктирген Эл Аралык илимдер академия.
Буга чейин бул академиянын академиктигине дүйнөнүн 21 мамлекетинин өкүлдөрү шайланган.
Акматали Алимбековго академиктик көбөлүктү аталган академиянын Кыргызстандагы өкүлү Фарида Баитова тапшырды.