2026-01-25
Гуманитардык факультеттин Педагогика бөлүмүнүн ага окутуучусу, д-р Кадиyan Бообекованын көп жылдык эмгегинин натыйжасында даярдалган «Кыргызча–Түркчө–Орусча–Англисче психологиялык терминдердин сөздүгү» 2025-жылы басылып чыкты.
Төрт тилде жалпысынан 5764 психологиялык терминди камтыган бул сөздүк; психология, психологиялык кеңеш берүү жана багыт берүү тармактары баш болгон билим берүү, сергек жашоо, сезимдер, акыл-эс процесстери жана жеке өнүгүү тармактарында маанилүү маалымдама булагы болуп саналат. Алфавиттик тартипте түзүлгөндүктөн колдонууга оңой болгон бул эмгек бакалавриат, магистратура жана докторантуранын студенттери, ошондой эле ар түрдүү тармактардагы изилдөөчүлөр үчүн баалуу академиялык салым болуп эсептелет.
Академиялык коомчулугубуз үчүн пайдалуу болушун каалайбыз.

