2026-04-10
Университетибиздин Педагогика бөлүмүнүн окутуучулары тарабынан Кыргызстандын 7 облусундагы айыл мектептеринен келген мугалимдерге багытталган билим берүү семинарлары өткөрүлдү.
Программанын ачылыш сөзүн Гуманитардык факультетинин деканы, профессор, доктор Алпаслан Ашык сүйлөдү. Андан соң Педагогика бөлүмүнүн башчысы, профессор, доктор Йүжел Өксүз сөз алып, программага өз салымын кошту.
Семинарлардын алкагында билим берүү тармагына байланыштуу ар кандай темалар каралды. Бул багытта; профессор, доктор Акматали Алимбеков «Мектеп окуучуларын баалуулуктарга тарбиялоонун негизги багыттары», профессор, доктор Йүжел Өксүз «Окуучуну таануу жана багыт берүү кызматтарынын айылдык билим берүүдөгү орду», профессор, доктор Сүлейман Барбарос Ялчын «Мугалим–ата-эне–окуучу мамилелери», доцент, доктор Явуз Эржан Гүл «Проактивдүү билим берүү – проактивдүү мугалим» жана окутуучу, доктор Кадиян Бообекова «Кыргыз жер аталыштарынын келип чыгышы» темаларында баяндамалар жасашты.
Отурумдардын жүрүшүндө мугалимдер менен суроо-жооп форматындагы иш алып барылып, катышуучулар өз суроолорун берип, пикир алмашууга мүмкүнчүлүк алышты.
Семинарлардын жүрүшүндө окутуучулар менен мугалимдердин ортосунда өз ара байланыш түзүлүп, программанын интерактивдүү түрдө өтүшүнө шарт түзүлдү.
Программанын соңунда мугалимдерге Педагогика бөлүмүнүн окутуучулары тарабынан катышуу сертификаттары тапшырылды.
.jpeg)

.jpeg)
.jpeg)

