2026-04-16


Дзюдо боюнча мелдеште студентебиз биринчи орунду ээледи


Педагогика бөлүмүнүн Педагогикалык-психологиялык кеңеш жана көмөк программасынын 4-курс студенти Дилбар Юсупова жогорку окуу жайлар аралык дзюдо мелдешинде университеттин атынан катышып, Кыргызстандын биринчилигин жеңип алды.

Ар кандай университеттерден келген спортчулар катышкан мелдеште Юсупова ийгиликтүү күрөш жүргүзүп, университетин татыктуу өкүлчүлүк кылды.

Мелдештин жыйынтыгында биринчи орунду алган Юсуповага диплом жана медаль тапшырылды.