2026-04-16
Педагогика бөлүмүнүн окутуучуларынын бири профессор, доктор Сүлейман Барбарос Ялчын жана бөлүмдүн магистранты Суна Кылыч «Салижан Жигитов жана адабият» аттуу эл аралык симпозиумда баяндама жасашты.
Мындан тышкары, симпозиумдун алкагында өткөрүлгөн «Салижан Жигитов: Ыр жана аӊгеме сынагында» студентебиз Мээримгүл Жолдошева поэзия багыты боюнча алдыңкы үч орунга кирип, ийгиликке жетишти.
Өткөрүлгөн салтанаттын алкагында ийгилик жараткан студентке сертификат жана белектер тапшырылып, жетишкендиктери менен куттукташты.


