2026-05-21


Казакстандык докторанттар Педагогика бөлүмүндө академиялык стажировкадан өтүштү


Казакстандын Көкчетау А. Мырзахметов атындагы университетинин Педагогика жана Психология институтунун докторанттары Анара Сокова жана Гульжан Рашидовна Данкина 2026-жылдын 16-апрелинен 16-майына чейин Педагогика бөлүмүндө 120 сааттык академиялык стажировка программасын ийгиликтүү аякташты. Стажировка программасы Педагогика бөлүмүнүн окутуучусу доктор Кадиян Бообекованын жетекчилиги астында жүргүзүлдү.

Стажировка программасынын алкагында докторанттар Педагогика бөлүмүндө жүргүзүлүп жаткан академиялык жана практикалык иштер менен жакындан таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Программанын жүрүшүндө педагогика тармагындагы заманбап ыкмалар, академиялык изилдөөлөр жана бөлүмдө жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча тажрыйба алмашуу жүргүзүлдү.

Стажировка процесси эки университеттин ортосундагы академиялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана эл аралык тажрыйба алмашууга салым кошкону белгиленди.

Программанын соңунда Анара Соковага жана Гульжан Рашидовна Данкинага стажировка программасын ийгиликтүү аяктагандыгы үчүн сертификаттар тапшырылды.