2017-12-26


ПЕДАГОГИКАЛЫК ОЙ ОРДОСУ


«Педагогикалык ой ордосунун» отуруму болуп өттү

Бөлүмүбүздүн башчысы п.и.д., профессор Акматали Алимбековдун демилгеси менен түрдүү педагог окумуштуулардын, билим берүү мекемелеринин кызматкерлеринин Кыргызстандын билим берүү системасындагы түрдүү кѳйгѳйлѳрдү талкуулоо, бирдиктүү чечим жолдорун издөө максатында профессор өзү мүчө болгон Кыргызстан педагогдор коомунун ишмердиги алкагында «Педагогикалык ой ордосу» атуу ачык аянтча уюштурулган.

Бул аянтчанын тегерек стол формасындагы алгачкы отуруму 2017-ж. 26-октябрында Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде болуп өттү. Ага п.и.д., профессор Советбек Байгазиев (КББАнын вице-президенти), п.и.д., профессор Эсенбек Мамбетакунов (Ж. Баласагын ат. КУУ), п.и.д., профессор Айчүрөк Калдыбаева (И. Арабаев ат. КМУ), п.и.д., профессор Таштанбек Сияев (С. Нааматов ат. НМУ) баш болгон бир катар окумуштуулар катышышты. 
Профессор А. Алимбеков «Педагогикалык ой ордонун» жоболору жана болжолдуу программасы менен тааныштырган соң, катышуучулардын назарына алгачкы отурумдун темасы болгон «Урпак тарбиясы, улут тагдыры» маселеси боюнча билдирүүсүн сунду. Андан соң катышуучулар жаштарды тарбиялоо чөйрөсүндөгү көйгөйлөр жана аларды чечүүнүн жолдору боюнча ойлор, сунуштар ортого салышты. Талкуунун материалдары «Мугалим» журналынын башкы редактору жарыяланат. 
Тегерек столдун жүрүшүндө «Педагогикалык ой ордосу нун » отурумдарын бир кварталда бир өткөр үп туруу макулдашылды. Мындан тышкары «Педагогикалык ой ордо» ачык аянтчасынын алкагында публикалык лекцияларды уюштуруу идеясы катышуучулар тарабынан колдоого ээ болуп, БГУнун Педагогика жана психология кафедрасынын билим берүү борборунда өткөрүлмөчү болду.