2017-12-26


«Окутуунун технологиялары жана материал даярдоо» көргөзмөсү


КТМУ Эл аралык «Окутуунун технологиялары жана материал даярдоо» көргөзмөсү 

Университетибиздин Гуманитардык факультетинин Педагогика бөлүмүнүн «Психологиялык-педагогикалык кеңеш жана көмөк» программасы боюнча 2-курста окуган студенттер «Жаңы билим берүү технологиялары» курсунун алкагында көп түрдүү дидактикалык материалдарды даярдап, көргөзмө уюштурушту. Көргөзмө 20-декабрь 2017-ж. ЭжБИФ корпусунун фойсинде өткөрүлдү. Декан филол.и.д., профессор Лайли үкүбаева, декандын орун басары тарых и.д., профессор Жээнбек Алымбаев, Педагогика бөлүмүнүн башчысы п.и.д., профессор Акматали Алимбеков жана көргөзмөнү уюштуруу комитетинин төрагасы PhD, профессор Надир Челикөз көргөзмөнү карап чыгып, пикирлерин билдиришти. Аталган бөлүмдүн башка окутуучулары да көргөзмөнү кыдырып көрүп, анда орун алган дидактикалык материалдар боюнча студенттерден маалымат алышты. Материал даярдаган студенттер факультетибиздин башка студенттери жана окутуучуларына материалдары боюнча жандануу менен маалымат берүүдөн кубанычта болушту. Көргөзмөгө материал даярдаган студенттерге катышуучу сертификаты берилди.