2017-12-26


Түрк дүйнөсүнүн педагогикасы жөнүндө китеп жарык көрдү


Университетибиздин Гуманитардык факультетинин Педагогика бөлүмүнүн башчысы п.и.д., профессор Акматали Алимбековдун «Түрк дүйнөсүнүн ойчулдарынын мурастарындагы педагогикалык идеялар” аттуу китеби үстүбүздөгү жылдын декабрь айында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин грифи менен жарык көрдү .  336 беттик китепте Орхон-Энесай таш жазуулары менен «Коркут баба китебинен» баштап түрк тилдүү элдерден чыккан Аль-Фараби, Абу Али Ибн Сина, Жусуп Баласагын, Махмуд Кашгари, Ахмет Ясеви, Мевлана, Юнус Эмре, Ахмед Жугнаки, Низами Гянджеви сыяктуу ойчулдардын мурастарындагы таалим-тарбия идеялары каралат.